Калк эмес керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоодо келишим түзүү үчүн документтердин тизмеси
Калк эмес керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоодо келишим түзүү үчүн документтердин тизмеси
Келишим 3 нускада түзүлөт:
Бир нускасы «Ошэлектр» ААКунда сакталат.
Бир нускасы маалыматтарды базага каттоо үчүн РЭТтерге берилет.
Бир нускасы абонентке берилет.
Келишим түзүү үчүн келишимдер боюнча инженерге кайрылуу керек.
Электр энергия менен камсыздоодо техникалык документтердин тизмеси;
1. Электр энергия менен камсыздоо мекемесинин техникалык
шарттары.
2. Электр жабдуучу мекеменин баланс чектөө жана пайдалануу жоопкерчилик АКТсы.
3. (ЭТЛ) электротехникалык лабораториядан профилактикалык сыноодон өткөн электр жабдыктардын протоколу.
4. 0,5-1 тактык классындагы электр эсептегичтин кабыл алуу протоколу.
5. электрчарбага жооптуу кызматкердин электр жабдууда бир линиялуу колу
коюлган схемасы.
6.мамлекеттик энергоинспекциянын (ГЭИ) техникалык текшерүү жана электртутумду пайдалануу актысы.
7. МЭИнин (ГЭИ) туташуу наряды.
8. МЭИден (ГЭИ) электр энергия менен бөлмөнү жылытуу, жылуу суу
менен камсыз болуу, тамак- аш даярдоо үчүн уруксат алуу.
9. инженер же көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору тарабынан техникалык текшерүү актысы.
10. РЭТтер, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин дебитордук карыз бар же жок жөнүндө справка.
Зарыл болгон юридикалык документтердин тизмеси:
Эгер абонент жеке ишкер болсо:
а) Жеке ишкердин паспортунун көчүрмөсү, келишимге кол коючу.
б) Статистика органдары менен мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
в) ИНН-салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы
Эгер абонент юридикалык жак болсо анда төмөнкү документтер керек:
а) Төрагасынын (директорунун) паспортунун көчүрмөсү, келишимге кол
коючу.
б) Юстиция органдары тарабынан мамлекеттик каттоо жөнүндө
күбөлүктүн көчүрмөсү.
в) Компаниянын директорун дайындоо буйругунун көчүрмөсү.
г) ИНН-салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы
д) Электр жабдууларга жооптуу кызматкердин дайындоо буйругунун
көчүрмөсү.
е) Ишкананын уставынын көчүрмөсү.
-Бардык электр жана юридикалык документтер бир адамдын атында болушу керек, башкача айтканда келишимдеги коюлган кол жеке ишкананын төрагасынын (директорунун) атында болушу керек.
- Абонент тарабынан келишимдеги коюлган кол жеке ишкер, төраганын (директордун) таандык болушу керек.