Электр эсептегичтерди сыртка чыгаруу

Ошэлектр ишканасы мерчемделген план боюнча электр эсептегичтерди сыртка чыгаруу жумуштарын ишке ашырууда. Электр эсептегичтердин сыртка чыгаруунун максаты:

1. керектөөчүлөрдүн электр жана өрт коопсуздуктарын сактоо,

2. эскилиги жеткен зымдарды алмаштыруу,

3. эски электр счетчиктерди мамлекеттик стандарттан өткөн электр эсептегичтерге алмаштыруу,

4. электр тармактардагы техникалык жоготууларды азайтуу,

5. эсептегичтерди тейлөө шартын ыңгайлаштыруу.

«Тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга типтүү келишимдин» негизинде электр эсептегичтер «Лицензиаттын» же болбосо компаниянын менчиги болуп эсептелет.

Сыртка чыгарылган электр эсептегичтер керектөөчүлөрдү электр жана өрт коопсуздуктарынан сактайт. Ошондой эле эсептегичтерди тейлөө кызматтарын жеңилдетет.

Туура эмес түшүнүк менен каршы болгондорго  тоскоол жаратпоону өтүнөбүз.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

6 + 3 =