Аба чубалгылардын астына бак дарак тигүүгө тыюу салынат

Энергетиктер элге үзгүлтүксүз электр энергия берүү максатында электр тармактарда эскилиги жеткен линиядагы мамыларды, зымдарды жаңылоо, трансформаторлорду оңдоо, ажыраткычтарды алмаштыруу жана башка ушул сыяктуу көптөгөн жумуштарды тынымсыз жүргүзүп келишет. Мындан сырткары авариялык оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери да аткарылат.
Катуу шамал болгон учурда электр чубалгыларга жакын жайгашкан бак дарактардын бутактары электр энергияны үзгүлтүккө учуратып, айылдарды жарыксыз калтырат. 
 
Урматтуу абоненттер! Электр аба чубалгылардын жанына бак дарактарды тигүүдөн алыс болуңуздар. Себеби сиз тиккен бак-дарак бир айылды жарыксыз калтырып, адамдардын да өмүрүнө коркунуч алып келүүсү мүмкүн.
 
Аба чубалгылардын астына бак дарак тигүүгө тыюу салынат!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

8 + 6 =