«Жетиген» журналынын эгемендик каарманы наамы менен сыйланышты

Быйыл Кыргызстан эгемендик алганына 30 жыл,ал эми,  «Ошэлектр» ишканасынын түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Эгемендик майрамдын урматына «Жетиген» журналы «Ошэлектр» ишканасынын ардактуу кызматкерлерин «Жетиген» журналынын эгемендик каарманы наамы менен сыйлашты. Аталган наамды алган кызматкерлер коомдо үзүрлүү эмгектенип, жаштарга үлгү көрсөтүп, компаниянын өсүп-өнүгүүсүнө зор салымдарын кошуп келишүүдө. 
 
Шамшиев Манап Абабакирович - «Ошэлектр» ишканасынын пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башкы экономисти;
Акимбеков Расул Исакович - "Ошэлектр" ишканасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы.
 
Сиздердин акыл-насаат, тажрыйбаңыздар бизге аба менен суудай керек. Ишкананын ийгиликтерине салым кошуп жүрө бериңиздер. Сыйлыгыңыздар кут болсун!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 3 =