Күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды күчөтүү үчүн "Ошэлектр" ишканасы жыйын өткөрдү

Бүгүн, 8-сентябрь "Ошэлектр" ишканансынын башкы дирекциясы райондук электр тармактарынын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрдү.
 
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
- 2021-2022-ж.ж. күз-кыш мезгилдеринен авариясыз жана ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктар;
- жоготууларды жана дебитордук карыздарды түшүрүү;
- ашыкча жүк менен иштеп жаткан электр тармактарына профилактикалык иштерди жүргүзүү;
- эл арасында электр энергияны үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- электр коопсуздук боюнча чараларды көрүү жана кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
 
Чогулуштун жыйынтыгында, РЭТ жетекчилерине энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан коюлган тапшырмалардын толук аткарылуусун көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

6 + 0 =