«Ошэлектр» ишканасы абоненттерди электр энергияны үнөмдөөгө чакырат

Акыркы учурда күндөн-күнгө коротулган электр энергиянын пайызы кескин түрдө өсүүдө. Калк абоненттер жана калк эмес (коммерциялык негиздеги ишканалар) абоненттердин күндүзгү учурда да, түнкүсүн да кошумча жарык берип туруучу электр лампаларын өчүрбөй, жанган боюнча таштап коюуулары буга себеп болууда. «Ошэлектр» ААКтын атайын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир канча аймактарда максатсыз коротулуп жаткан электр жарыктарын аныкташты. Урматтуу электр колдонуучулар, электр энергияны сарамжалдуу жана максаттуу колдонууга чакырабыз! Абоненттер жана калк эмес абоненттер үчүн коюлган лимитти сактоону эскертебиз.
 
Белгилей кетсек:
2021-ж. октябрь айына "Ошэлектр" ишканасы боюнча лимит 137млн.900 миң кВт. саат түзгөн болсо, керектөөчүлөр тарабынан берилген лимиттен ашыкча 63млн.468 миң кВт. саат пайдаланууда. Же болбосо 46 % көбөйүп 201млн.368 миң кВт. саатты түздү. 
"Ошэлектр" ишканасы Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын электр энергия менен камсыздайт.
 
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөндүгүнө байланыштуу, электр энергияны үнөмдөп, капчыгыбызга да, жаратылыш ресурстарыбызга да пайда келтирели. Үйдү, сууну жылытууда электр энергиясын колдонбостон, жылытуунун башка альтернативдик булактарын пайдаланууну сунуштайбыз!
 
Электр жарыгын унөмдөө – ар бириңиздердин колуңуздарда!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

5 + 0 =