Ош РЭТ

Ош райондук электр тармактарынын электр куроочулары келе жаткан күз кыш мезгилдеринде элге үзгүлтүксүз электр энергия берүү максатында 110кВ «Учар» көмөкчү чордонунан чыккан 10кВ аба чубалгыны реконструкция иштерин жүргүзүшүүдө. Эскилиги жеткен жана коопту болгон жыгач мамычаларды темир бетон мамыларга алмаштыруу, зым тартуу электр тармактарга кошуу, диспетчердик аталыштарды жаңылоо иштерин аткарышууда. Реконструкция иштерине атайын унаа техникалар тартылды.

 

Аба чубалгы шаардын чет жагында жайгашкан Мээркан, Жапалак, Орке, Чурулдай, Тээке, Татар айылдарын электр энергия менен камсыздайт.

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 4 =