Жогорку чыңалуу тармактарын тейлөө кызматы

Келе жаткан күз-кыш мезгилдеринен авариясыз жана ийгиликтүү өтүү үчүн ошондой эле  керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия камсыздоо максатында Ошэлектр ишканасынын Жогорку чыңалуу тармактарын тейлөө кызматын электр куроочулары 35кВ «Ош-5» көмөкчү чордонунда жаңы трансформатор орнотуу иштерин аткарышты. Буга чейин ал жерде 2500 кВА трансформатордун ордуна 6300кВА трансформатор орнотулуп көмөкчү чордонундун  кубаттуулугу да жогорулады.
 
35кВ «Ош-5» көмөкчү чордону Ош шаарынын Кара-Суу, Масалиев, Алай, Ош, Касымбеков, Зайнабединов, Ашимахунов, Шакиров, Монуев, Навои, Кош-Таш, Привокзальный, Ниязов, Өзгөн көчөлөрүн электр энергия менен камсыз кылат.
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

4 + 2 =