Урматтуу электр энергиясын колдонуучулар!

Катаал кыш мезгили да башталганы турат. Кыштан ийгиликтүү чыгуу жана электр тогу үзгүлтүксүз берилүү үчүн сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууга чакырабыз!
Үйдү, сууну жылытууда, жылытуунун башка альтернативдик жолдоруна өтүүнү сунуштайбыз. Үйдү жылытуунун эң ыңгайлуу жана чөнтөккө пайдалуу жолу көмүр, өтүн ресурстары. Жакынкы күндөрү кар калың түшүп, суук башталганда, электр энергиясын массалык түрдө колдонбоону эскертебиз! Подстанциядагы трансформаторлорго күч келип, ашыкча жүк менен иштеп жаткан электр тетиктери иштен чыгышы ыктымал. Жыйынтыгында электр тогу үзгүлтүккө учурап, ыңгайсыздык жаралат. Ошондуктан, көмүр, өтүн камдап алууңуздар абзел.
Бүгүнкү күндө «Ошэлектр» ишканасы тарабынан Ош, Баткен облустары жана Ош шаарынын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге техникалык шарттардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн атайын кызматкерлер рейдге чыгышууда.
Жогоруда айтылган эскертүү, түшүндүрүү иштерин туура кабыл алып, көңүл кош мамиле жасабай, иш жүзүнө ашырууңуздарга ишенебиз.
Электр энергиясын үнөмдүү колдонуу менен энергосекторду сактап кала алабыз!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

3 + 1 =