«Ошэлектр» ишканасы электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырат!

«Ошэлектр» ишканасы электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырат!
 
Үйлөрдү жылуулоодо электр тогун колдонбой көмүр, отун пайдаланыңыздар. Азыркы учурда сарамжалдуу сарптасак, катаал кыш айларында үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болобуз. Түшүндүрүү иштери, үнөмдөө тууралуу маалыматтар менен «Ошэлектр» ишканасынын расмий сайтынан, фейсбук, инстаграм, телеграм баракчаларынан жана жергиликтүү телеканал, сайттардан кабардар болосуздар.
 
Мындай энергетикалык каатчылык бир гана Кыргызстанда эмес, Орто Азия мамлекеттеринде да жаралууда. Жаратылыш мыйзамынан кача албайбыз.  Бул убактылуу гана жагдай экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
 
Ар бир абоненттин үнөмдүү колдонуусу биз үчүн маанилүү!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 3 =