Пландалбаган ремонт иштери

Керектөөчүлөр белгиленген кубаттуулуктан ашыкча электр энергиясын пайдаланып жаткандыктан 110/35-10кВ «Көк-Жар» көмөкчү чордонунан чыккан 10кВ «Абшыр» аба чубалгысы ашыкча жүк менен иштөөдө. Абоненттер тарабынан белгиленген кубаттулуктан ашыкча эленктр энергия колдонулуп Ошэлектр тарабынан пландалбаган ремонт иштерин жүргүзүүгө туура келди. Ошэлектр ишканасынын кызматкелери аталган электр линияда жайгашкан 22 даана ТПны (трансформатордук подстанция) 110/35-6кВ «Жин-Жиген» көмөкчү чордонунун  6кВ «Ак-Сай» электр линиясына которуу иштерин жүргүзүшөт.

19-ноябрь күнү пландуу эмес ремонт иштерине байланыштуу Ноокат районунун  төмөндөгү аймактарында саат 8-00дөн 18-00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

➡ Ноокат районунун Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал, Таш-Булак, ак-Терек, Кызыл-Булак, Кожо-Арык, Абшыр-Сай айылдары.

«Ошэлектр» ААКу элдерди электр энергиясын үнөмдөө менен биргеликте туура түшүнүү менен кабыл алууга  чакырат!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

5 + 4 =