Ноокат РЭТ

Керектөөчүлөр белгиленген кубаттуулуктан ашыкча электр энергиясын пайдаланып жаткандыктан 110/35-10кВ «Көк-Жар» көмөкчү чордонунан чыккан 10кВ «Абшыр» аба чубалгысы ашыкча жүк менен иштөөдө. Пландалбаган ремонт иштерине байланыштуу Ошэлектр ишканасынын кызматкелери аталган электр линияда жайгашкан 22 даана ТПны (трансформатордук подстанция) 110/35-6кВ «Жин-Жиген» көмөкчү чордонунун  6кВ «Ак-Сай» электр линиясына которуу иштерин жүргүзүшөт. 
19-ноябрь күнү пландуу эмес ремонт иштерине байланыштуу Ноокат районунун  төмөндөгү аймактарында саат 8-00дөн 18-00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт: 
➡ Ноокат районунун Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал, Таш-Булак, Ак-Терек, Кызыл-Булак, Кожо-Арык, Абшыр-Сай айылдары.
«Ошэлектр» ААКу элдерди электр энергиясын үнөмдөө менен биргеликте туура түшүнүү менен кабыл алуусуна  чакырат!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

2 + 0 =