Жыйын

«Улуттук энергохолдинг» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Байгазиев Т.А. Ошэлектр ишканасында Ош жана Баткен облустарынын райондук электр тармактарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйында 2021-2022-ж.ж. күз-кыш мезгилдеринен авариясыз жана ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.
Байгазиев өз сөзүндө, калкка электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, ошол эле учурда берилген лимиттен ашпоо керек экенин баса белгиледи. Ишкана техникалык жактан бардык кырдаалга даяр болуп, атайын ыкчам бригадалык топтор түзүлүшүн катуу көзөмөлгө алуусун эскертти. Райондук электр тармактарынын жетекчилерине «керектөөчүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергия берүү үчүн алдын ала аракеттерди көрүп, бир да шаар, айыл, региондордо жарык үзгүлтүккө учурабашы керек» деген талабын койду. Ошондой эле берилген лимитти сактоо боюнча жана энергетикадагы абалды элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.
2021-ж. 1-ноябрдан 18-ноябрга чейин «Ошэлектр» ишканасы боюнча лимит 164млн.448 миң кВт. саатты түзгөн болсо, керектөөчүлөргө берилген лимиттен 36млн.605 мин кВт. саат ашыкча пайдаланууда. Же болбосо 22,3 % көбөйүп 201млн.53 миң кВт. саатты түздү.
Жыйынтыгында райондук электр тармактардын жетекчилери аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
Ишкана ММКлар аркылуу, социалдык тармактардагы расмий баракчалар аркылуу, элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана электр энергиясын үнөмдөөнү калкка туура жеткирүүнү улантууда.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

1 + 0 =