Техникалык коопсуздук эрежелери жана электр жарыгын үнөмдүү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Мектеп окуучуларына жана жеткинчек жаш балдарга техникалык коопсуздук эрежелери жана электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
 
Урматтуу керектөөчүлөр, техникалык коопсуздук эрежелерин так сактап, электр энергиясын сарамжалдуу колдонуу жолдоруна өтүүгө чакырабыз!
Бүгүнкү күндө «Ошэлектр» ишканасы Ош, Баткен жана Ош шаарларынын бардык аймактарында, жапатырмак электр энергияны сарамжалдуу колдонуунун ыкмалары жана техникалык коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
 
Урматтуу ата-энелер жана мектеп окуучулары!
 
Электр коопсуздуктарын сактоого чакырабыз! Электр линияларынын астында ойноого, көмөкчордондорго жакындоого, ачык калган электр шаймандарын кармоого, жана электр мамычалар жайгашкан аймакта балык улоого тыюу салынат!
Өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын коопсуздугуна көңүл буруп, бөөдө кырсыктан сак болуңуздар!
 
Ошондой эле, урматтуу керектөөчүлөр!
 
Электр энергиясын жарыктандырууга гана колдонуп, ал эми жылытуу үчүн башка альтернативдик ыкмаларды пайдаланууну сунуштайбыз! Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу таңкыстыгы жаралып, энергетикалык кырдаал начар абалга кептелди. Ошондуктан, баарыңыздарды электр энергиясын максаттуу пайдаланып, ашыкча колдонуудан оолак болууңуздарды суранабыз!
 
Үнөмдөөнүн эң оңой ыкмаларынын бири, кадимки жөнөкөй чыракты свет диоддук чыракка алмаштырсаңыз, электр энергиясын алда канча сарамжалдуу пайдаланган болосуз. Себеби, свет диоддук чырак, жөнөкөй чыракка караганда электр тогун аз коротот. Бул бир эле мисал, мындан сырткары үйдү, сууну жылытууда да көмүр, отун, газ колдонууну сунуштайбыз!
 
Урматтуу абоненттер, кайдыгер мамиле жасабай, үнөмдүү колдонууну колго алууга чакырабыз!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

5 + 2 =