
Пландалбаган ремонт иштери
Керектөөчүлөр келишимде берилген кубаттуулуктан сырткары электр энергияны пайдаланып жатканына байланыштуу, ашыкча жүк менен иштеп жаткан трансформаторлорго күч келүүдө. Авариялык кырдаалдын алдын алуу үчүн 10/6кВ аба чубалгыларында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Пландалбаган ремонт иштери 28-декабрь күнү саат 17:00гө чейин төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:
➡ Ноокат районунун Чеч-Дөбө, Жар-Коргон, Муркут, Торутай, Өрнөк, Кеңеш, Гараж, Кызыл-Тейит, Таш-Коргон, Бак-Көчө, Жаш, Көк-Бел, Борбаш, Жийде, Кара-Таш, Чечме-Сай, Борко, Чапаев, Беш-Тал, Киров, Кызыл-Аскер, Арбын, Шанкол айылдары.
➡ Араван районунун Анаров, Юсупов айыл өкмөттөрү.
«Ошэлектр» ААКу электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!
0 сын пикир