Пландалбаган ремонт иштери

Керектөөчүлөр келишимде берилген кубаттуулуктан сырткары электр энергияны пайдаланып жатканына байланыштуу, ашыкча жүк менен иштеп жаткан трансформаторлорго күч келүүдө. Авариялык кырдаалдын алдын алуу үчүн  10/6кВ аба чубалгыларында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Пландалбаган ремонт иштери 12-январь күнү саат 17:00гө чейин төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:

➡ Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү.

➡ Ош шаарынын Абжалов, Примов, Атабаев, Мамыров, Садырбаев, Ленинабадская, Макаренко, Курманжан-Датка, Осмонов, Алиев, Закиров, Крупская, Жиннах, Пушкин көчөлөрү (горГаи айланасы), Достук участкасы.

 «Ошэлектр» ААКу электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

3 + 0 =