«Ошэлектр» ААКун акционерлеринин жалпы жыйыны
Бүгүн 25-апрель күнү «Ошэлектр» ААКун жыйындар залында акционерлердин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде төмөнкү суроолор каралды:
- Коомдун эсептөө комиссиясын бекитүү туурасында.
- 2021-ж. Коомдун финансылык-чарбалык ишмердигинин жыйынтыктары туурасындагы Башкы директордун отчету жөнүндө.
- 2021-ж. Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусун угуу.
- 2021-ж. Коомдун Текшерүү комиссиясынын корутундусун угуу.
- 2021-ж. Коомдун бюджетинин аткарылышы туурасында Башкы директордун отчету жөнүндө.
- 2021-ж. Коомдун кирешелеринин жана чыгашаларынын эсеби, жылдык баланс жөнүндө.
- 2021-ж. жыйынтыгы боюнча Коомдун пайдаларын бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө.
- 2021-ж. Коомдун Директорлор кеңешинин отчету туурасында.
- 2022-ж. карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо туурасында.
- 2022-ж. карата Текшерүү комиссиясын кармоого кеткен чыгымдарынын сметасы жөнүндө.
0 сын пикир