Ош шаарына кошумча электр тармактар ишканасы курулат

2022-жылдын 28-апрель күнү «Ошэлектр» ААКун Ош шаарынын элин сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кошумча РЭТ куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин демилгеси менен ишке ашып “Батыш РЭТ” имаратынын пайдубалына капсула салынды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, жергиликтүү бийлик, энергетика тармагынын ардагерлери жана «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Джумагулович жана Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович имараттын фундаментине капсула коюшту.
Энергетика министри Бекмурзаев Доскул Джумагулович өз сөзүндө Ош шаары үчүн бул райондук электр тармактар маанилүү экенин белгиледи. Келечекте шаардын керектөөчүлөрүн тейлөө сапаты жогорулашына жана электр тармактарындагы ремонт иштери ыкчам аткарылуусуна токтолду. Мында сырткары Ош шаарында 110/35/10кВ «Барсбек» жана Өзгөн районундагы Кароол айыл аймагында 220/110/10кВ «Исанов» көмөкчү чордонунун курулуш иштери башталып, өлкөбүздүн энерго тармактарында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын кошумчалап, жогорудагы бардык курулуш иштери «Ошэлектр» жана «Кыргызстан Улуттук электр тармактар» ААКнын өз каражаттарына курулуп жатканын баса белгилеп өттү.
Маалымат үчүн: Ош райондук электр тармактары 1967-жылы түптөлүп шаардын чыгыш тарабында Турсунбаева 264 дарегинде жайгашкан. Ал эми шаардын экинчи райондук электр тармактары Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө курулат.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 4 =