
19-май. Пландаштырылган ремонт иштери
19-май күнү 35/10-6кВ электр тармактарындагы капиталдык ремонт иштерине байланыштуу саат 08:00дөн 17:00 гө чейин төмөнкү даректерде электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
➡️Кызыл-Кыя шаарынын 13-мкр-н, 14-мкр-н, 15-мкр-н, Восток, Восток2, Арык-Бою, Джин-Джиган, Ынтымак, Кулатова, Кулуштан, Мончу, Чал-Таш, Беш-Бурхан көчөлөрүндө.
➡️Сүлүктү шаарында, Шахтерская, Джураева көчөлөрүндө.
➡️Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Кеңеш, Зулпуев айыл өкмөттөрүндө. Ноокат шаарында.
➡️Баткен районунун Кара-Бак, Кара-Булак, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүндө. Баткен шаарында.
➡️Өзгөн районунун Кароол, Куршаб айыл өкмөттөрүндө.
«Ошэлектр» ААКу электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!
0 сын пикир