СИП өткөргүчтөрүн жана АСКУЭ «акылдуу» электр эсептегичтерди орнотуу жумуштары

Ош шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банк менен биргеликте «Ошэлектр» ААКун «Ош шаарынын электр тармактарын реабилитациялоо» долбоору ишке ашууда.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Черемушки кичи районунда 0,4кВ алюминий аба чубалгысын заманбап СИП (самонесущий изолированный провод) өткөргүчтөрүнө алмаштыруу жана АСКУЭ «акылдуу» электр эсептегичтерди орнотуу жумуштары аткарылууда. 

Аталган жумушка байланыштуу:

- Ош шаарынын Киров, Моминов, Урицкий, Руставели, Амир-Тимур, Тимирязев, Школьная, Пролетарская, Абдыкадыров, Саидов көчөлөрүндө саат 17-00гө чейин электр энергия убактылуу токтотулду.

 

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. «Ошэлектр»  ААКу

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 4 =