Электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын АРИС уюмунун колдоосунда  Ош жана Баткен облустарында  6/10-0,4кВ трансформатордук подстанциялар (ТП)  жана 10/0,4кВ аба чубалгылар жаңыланууда. Элге үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия берүү максатында  эскилиги жеткен ТП ларды алмаштыруу жана кубаттулукту жогорулатуу, аба чубалгыларды куруу аракеттери болууда.

 

Долбоорду ишке ашырууда «Ошэлектр» АККун райондук электр тармактарынын кызматкерлери тартылууда. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя райондук электр тармактарынын электр куроочулары 110кВ «Джин-Джиган» көмөкчү чордонунан чыккан 6кВ «Джал» аба чубалгысын Таш-Булак участкасында зымдарды монтаждоо жумуштарын аткарышууда. 6кВ «Джал» аба чубалгысы Кызыл-Кыя шаарынын Арык-Бою, Джин-Джиган, Кулатов, Кулуштан, Мончу, Чал-Таш, Беш-Бурхан участкаларын электр энергия менен камсыздайт.

 

CASA-1000дин жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында жогорку чыңалуу аба чубалгысы өткөн айыл аймактарда инфраструктураны жаңыртуу жана куруу иштери да каралган.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

6 + 4 =