Элге үзгүлтүксүз электр энергия берүү

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын АРИС уюмунун колдоосунда  Ош жана Баткен облустарында  6/10-0,4кВ трансформатордук подстанциялар (ТП)  жана 10/6-0,4кВ аба чубалгылар жаңыланууда. Элге үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия берүү максатында  эскилиги жеткен ТП ларды алмаштыруу жана кубаттулукту жогорулатуу, аба чубалгыларды куруу аракеттери болууда.

 

Долбоорду ишке ашырууда Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарынын кызматкерлери тартылууда. Бүгүнкү күндө райондук электр тармактарынын электр куроочулары райондун Кулатов айыл өкмөтүндө 10/6 кВ аба чубалгыны куруу жумуштарын аткарууда. Куруу жумуштарына атайын автоунаа техникалар тартылды.

 

CASA-1000дин жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында жогорку чыңалуу аба чубалгысы өткөн айыл аймактарда инфраструктураны жаңыртуу жана куруу иштери да каралган.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 3 =