«Ошэлектр» ААКу калкты тейлөө борборлорунда

«Ошэлектр» ААКу калкты тейлөө борборлорунда коронавируска каршы чаралар толугу менен көрүлүп, келген абоненттерге,жумушчу топко антисептиктер орнотулду жана хлор кошулмалары менен борбордун эмеректерин, жерлерин, айнектерин аарчуу иштери көзөмөлгө коюлду. Тейлөө борборлордун кызматкерлери бет кап менен абоненттерди тейлөө иштерин жүргүзүүдө. Борборлордун кызматкерлери абоненттерди тез жана сапаттуу тейлегенге даяр. Калкты тейлөө борборлору Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Ноокат, Баткен, Исфана шаарларында райондук электр тармактардын имараттарында жайгашкан.

Эскертме!
Урматтуу абоненттер, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигини тарабынан жарыяланган эрежелерди сактоого жана тейлөө борборлорундагы кызматкерлер абоненттерди тейлеп атканда өз кезегинизди мекеменин ичинде эмес сыртта күтүп туруңуздарды өтүнөбүз.

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

7 + 4 =