23.03.2020-ж «Ошэлектр» ААКу боюнча маалымат.

Азыркы күндө «Ошэлектр» ААКу тейлеген аймактардагы РЭТтер өз нугунда иштеп жатат.
Ош шаары,Ош,Баткен облусу боюнча ооруканалар электр энергия менен камсыздалган жана резервдик электр линияларга кошулган, андан сырткары кошумча дизельдик генераторлор менен жабдылган.

21 мартта «Ошэлектр» ААКу боюнча иш бөлмөлөр дезинфекцияланды жана баардык кызматкерлер бет кап жана дезинфкеция каражаттары менен камсыздалды.

Баардык райондук электр тармактарда авариялык ыкчам топтор түзүлүп нөөмөттө турушат.

«Ошэлектр» ААКу жетекчилигинин нөөмөттө туруу графиги түзүлүп жана бекитилген.

Баардык карантиндик постторго элек энергиясы орнотулду жана анын ичинен төртөө электр энергияга муктаждыгы жок.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

7 + 1 =