09.05.2020ж. Улуу Жениш күнүнө карата.....

Бейпил жашообуз үчүн жана мекенибиздин тынчтыгы үчүн күрөшүп, бизге баа жеткис бакытты, тынчтыкты тартуулаган ардактуу аталар, Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 75 жыл болду. Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайттыңыздар. Оорукта күн-түн дебей эмгектендиңиздер. Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачтыңыздар.

Каардуу согушту көптөгөн өмүр, кан төгүү менен жеңген аталарыбызга, оорукта иштеген апаларыбызга ар дайым баш ийип, таазим кылабыз. Сиздерге чың ден соолук, бейпил жашоо каалайм!

Майрамыңыздар менен ардактуу Жеңиш ээлери!

"Ошэлектр" ААК ишканасынын башкы директору А.Б.Жусуев.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

5 + 4 =