21-майга өчүрүүлөр.

«Ошэлектр» ААК ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү жана азыркы кырдаалга байланыштуу болуп жаткан онлайн окутууга тоскоол болбо үчүн дем алыш күндөрү оңдоо иштерин жүргүзөт

Төмөндөгү аймактарда пландаштырылган ремонт иштерине байланыштуу 21- май күндөрү саат 8-00 дөн 17-00 чейин электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

-     Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылы

-    Араван районунун Тепе-Коргон айылы.

-    Баткен шаарына караштуу Жаңы-Жер айылы

-    Ноокат районунун Кайрагач, Бел- Өрүк, Кой-Басар айылдарында

Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Ошэлектр» ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн дем алышсыз, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт, ошону менен бирге электр энергиясы үчүн төлөмдү убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет!

Дем алышсыз эмегектин натыйжасы-элибизге электр жарыгын үзгүлтүксүз жеткирүү!

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 1 =