22-майга өчүрүүлөр!

«Ошэлектр» ААК ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоо иштерин жүргүзөт

Төмөндөгү аймактарда пландаштырылган ремонт иштерине байланыштуу 22- май күндөрү саат 8-00 дөн 17-00 чейин электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

  • Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылы
  • Баткен шаары жана  Кара-Булак, Чет-булак, Түлкү-Таш, Тура-Таш, Бужум, Телевышка айылдарында
  • Өзгөн районунун Кароол, Куршаб айылдарында.
  • Ноокат районунун Найман, Көк-Жар, кулатов айыл өкмөттөрүндө

Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Ошэлектр» ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн дем алышсыз, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт, ошону менен бирге электр энергиясы үчүн төлөмдү убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет!

Дем алышсыз эмегектин натыйжасы-элибизге электр жарыгын үзгүлтүксүз жеткирүү!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 2 =