28-июнь: Убактылуу жарык берүү токтотулат, тизмеге баш багыңыз

28-июнга карата өчүрүүлөр.
 
Пландаштырылган ремонт иштерине байланыштуу 28-июнь күнү саат 9-00 дөн 18-00 чейин төмөндөгү аймактарда электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
 
- Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Талдык, Бекжар, Топтерек, Лянгар, Каратай, Лаглан, Кызылой, Тээке айылдары.
 
- Араван районунун Анаров, Юсупова, Мангыт, Чек-Абад айыл өкмөттөрү.
 
Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Ошэлектр» ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
 
Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт, ошону менен бирге электр энергиясы үчүн төлөмдү убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

9 + 5 =