10-июль: Ремонт иштерине байланыштуу жарык берүү үзгүлтүккө учурайт - "Ошэлектр" ААКу

10-июлга карата өчүрүүлөр.

 

Пландаштырылган ремонт иштерине байланыштуу 10-июль күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин төмөндөгү аймактарда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

 

- Кара-Кулжа районунун  Сары-Булак, Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Ак-Кыя айыл  өкмөттөрү.

 

- Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтү.

 

- Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтү.

 

Оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып жүргүзүлүүдө, ошондой эле «Ошэлектр» ишканасы 2020-2021-жылдын кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

 

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу кечирим сурайт, ошону менен бирге электр энергиясы үчүн төлөмдү убагында жүргүзгөн абоненттерге ыраазычылык билдирет!

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

8 + 0 =