"Ошэлектр" ишканасынын пландуу оңдоп-түзөө иштеринин 9 айлык жыйынтыгы - "Ошэлектр" ААКу

«Ошэлектр» ААКу бүгүнкү күндө Ош, Баткен облустарынын калкын электр энергия менен камсыздайт.  Компания 431 199 керектөөчүлөрдү,  тейлөө радиусу 350 км, 35/10/6 кВ электр тармактарды тейлейт.

9 айдын жыйынтыгы боюнча бир нече электр тармактар  капиталдык жана катардагы ремонттон өттү.

Катардагы оңдоолор

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электртармактарын катардагы оңдоолордон өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй жумуштар аткарылган:

1. 35 кВ көмөк чордондору:

70 даанасы пландаштырылып,

59 даанасы оңдолуп

же 84,3 % жумуш аткарылды.

2. 35 кВ аба чубалгылары:

1 093,8 км пландаштырылып,

1 091,31 км оңдолуп, же 99,8 % жумуш аткарылды.

 

3. 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондору:

4 243 даанасы пландаштырылып,

4 258 даана оңдолуп, же 100,4 % жумуш аткарылды.

 

 

4. 0,4-10 кВ аба чубалгылары:

9 120,45 км пландаштырылып, 9 184,81 км оңдолуп,

же 100,7 % жумуш аткарылды.

 

 

 

Капиталдык оңдоолор

 

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электртармактарын капиталдык оңдоолордон өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй жумуштар аткарылган:

 

1. 35 кВ көмөк чордондору:

14 даанасы пландаштырылып,

14 даанасы оңдолуп же 100 % жумуш аткарылды.

 

2. 35 кВ аба чубалгылары:

116,42 км пландаштырылып, 116,42 км оңдолуп, же 100 % жумуш аткарылды.

 

3. 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондору:

940 даанасы пландаштырылып, 944 даана оңдолуп,

же 100,4 % жумуш аткарылды.

 

4. 0,4-10 кВ аба чубалгылары:

2 174,84 км пландаштырылып,

2 200,81 км оңдолуп, же 101,2 % жумуш аткарылды.

 

5. 6-10/0,4 кВ трансформаторлор:

176 даанасы пландаштырылып,

212 даана оңдолуп,

же 120,5 % жумуш аткарылды.

 

 

 

Капиталдык курулуш

 

2020-жылдын 9 айында жыйынтыгы.

 

Аткарылган жумуштар:

  • 35 кВ «Ош-4» КЧ 4 МВА трансформаторун 6,3 МВА трансформаторго алмаштырылды;
  • 35 кВ «Кызыл-Кия 1 – Кызыл-Кия 2» Котельная отп. менен» аба чубалгысын реконструкцияланды;
  • 12,09 км узундуктагы 6-10 кВ аба чубалгысын курулду;
  • 23,42 км узундуктагы 0,4 кВ аба чубалгысын курулду;
  • 11,89 км узундуктагы 6-10 кВ аба чубалгысын реконструкцияланды;
  • 20,58 км узундуктагы 0,4 кВ аба чубалгысын реконструкцияланды;
  • 4,288 км узундуктагы 6-10 кВ кабель чубалгысын реконструкцияланды;
  • 1,24 км узундуктагы 0,4 кВ кабель чубалгысын реконструкцияланды;
  • 57 даана кошумча 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчү чордон орнотулду;
  • 39 даана 6-10/0,4 кВ трансформаторлорун алмаштырлды;
  • 4 даана 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчү чордондун шкафын алмаштырлды;
  • 35 кВ көмөкчү чордондордо жабдыктарды алмаштыруу жана орнотулду;
  • 7 190 даана электр эсептегичтерин көрүнүктүү жерге орнотулду;
  • 312 даана АСКУЭ типтеги эсептегичтерге орнотулду;
  • Кызыл-Кия РЭТынын административдик имаратын куруу жумуштары жүрүп жатат.

 

 

35кВ Ылай- Талаа, Кара- Таш, Терек- Суу, Араван, Парники,  Ош-5 көмөкчү чордондору капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп элге үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз болууда. Ошондой эле Ош шаарында электр энергиянын сапатын жогорулатуу максатында подстанцияларда трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жумуштары да болуп жатат. Мисалга алсак Ош-4 көмөкчү чордонунда кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүрүп жатат. Быйылкы жылы 14 көмөкчү чордондоруда план боюнча капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү.

Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондрунда жогорку чыналуудагы электр мамычаларды сел кесепитинен сактоо максатында мамычаларды тосуу иштери жүргүзүлдү.

План боюнча каралган 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгылардын 116 км капиталдык ремонттон өтүүдө жана ал боюнча иштер кызуу жүрүүдө.

Абоненттер үчүн төлөмдөрдү оңой жүргүзүү үчүн баардык шарттар түзүлүп берилген. Абоненттер электрэнергияга болгон төлөмдөрдү терминалдардан, мобилдүү капчыктар жана мобилдүү банк аркылуу ошондой эле айылдарда дүкөндөрдө кассалар уюштурулуп коюлган. 

Күз кыш мезгилине даярдык көрүүдө электр тармактарда план боюнча электр энергиясы убактылуу өчүрүүлөр болду. План боюнча ремонт иштери жергиликтүү бийилик өкүлдөрү менен макулдашуусу менен жүргүзүлдү. План боюнча ремонт иштери жүрүп жаткан кезде кайсыл аймактарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөндөр oshelectro.kg расмий сайтында, Фейсбук, Инстаграм баракчаларында элге кеңири маалымат жеткирилип турду. Ошондой эле кардарларды тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жана керектөөчүлөргө ыңгай шарт түзүп Вотсап 0777 90 90 76 номери менен элге кызмат көрсөтүүдө.

Керектөөчүлөр үчүн электр энергияга болгон төлөмдөрдү мобильдик капчык, терминалдар, банктар жана почта аркылуу жүргүзүү шарттары түзүлдү.

«Ошэлектр» ААКу өзүнүн керектөөчүлөрүн электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү эскертет!  

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

4 + 3 =