Кызыл-Кыя РЭТи жаңы имаратка ээ болду - "Ошэлектр" ААКу

«Улуттук Энергохолдинг» башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков жана «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун башкы директору Артур Жусуев Кызыл-Кыя РЭТинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты
 
Кызыл-Кыя РЭТи 1966-жылы түзүлгөн жана Кызыл-Кыя, Ынтымак, Караван ошондой эле, Үч-Коргон айыл өкмөттөрүн электр энергиясы менен камсыз кылат. Райондук электр тармакта 75 кызматкер иштейт жана 17 миң 911 керектөөчүнү тейлейт. Анын ичинен 1278 калк эмес абоненттер жана 16 633 калк абоненттер. Тейлөө аймагынын радиусу 22 км. Буга чейин РЭТтин имараты авариялык абалда болгондуктан, 2018-жылы “Ошэлектр” ААК жаңы имараттын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыккан.  Курулуш  иштери 2019-жылдын март айында, 14 миллион 664 миң сомдук тендерди утуп алган “Техно Стиль” ЖЧКсы тарабынан башталган. Курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп, жаңы имарат Кызыл-Кыя РЭТинин эмгек жамаатына тапшырылды.
 
Улуттук Энергохолдинг башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кызыл-Кыя РЭТтин ачылышы энергетиктердин кесиптик майрамына – Кыргыз Республикасынын «Энергетиктер күнүнө» дал келгенин белгиледи. Ошону менен катар кызматкерлердин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. 
 
«Ошэлектр» ААКнын башкы директору Артур Жусуев колдонууга берилип жаткан жаңы имарат элибиз үчүн кызмат кылып, калкыбызды үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылууга, сапаттуу тейлөө жүргүзүүгө багытталганын баса белгилеп, жалпы эмгек жамаатка жаңы-жылда, жаңы имаратта, жаңы дем-күч менен элди электр энергиясы менен камсыздандырууларына тилектештигин билдирди.
 
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө РЭТтин мыкты кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар жана ыраазычылык каттар ыйгарылды.
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

1 + 0 =