Урматтуу энергетиктер жана «Ошэлектр» ишканасынын жалпы жамааты!

Урматтуу энергетиктер жана «Ошэлектр» ишканасынын жалпы жамааты!  
 
Бүгүн, 22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
 
 Сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, иштериңиздерге ийгиликтерди каалаймын! Сиздердин элге кылган кызматыңыздар ак жана адал! Ар бир үйгө жарык тартуулап, жашообузду жарыктандырууга сиздердин салымыңыздар эбегейсиз!
 
Энергетика бул айтылышы жеңил болгону менен иш жүзүнө келгенде аябай оор тармак. Мына ушул кесиптин ысыгына күйүп, суугуна чыдап иштеп келген сиздерге ыраазычылык билдирем!
 
Быйылкы жыл элибиз үчүн оор жылдардын бири болсо, а энергетиктер үчүн андан эки эсе оор жылдардан болду. Себеби, пандемия учурундагы көп кыйынчылыктарга карабай, калкыбызды сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетиңиздерди жумшадыңыздар. Ал аралыкта онлайн окутуулар башталып, окуучу, студент, мугалимдер жана стационарлардын электр энергиясын үзгүлтүккөө учуратпай өз нугунда берүүгө жетиштиңиздер.
 
Элибизди электр энергиясы менен камсыз кылабыз деп, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, жумушуңуздарга берилүү, жоопкерчилик менен мамиле жасап, иштеп келесиздер! Күндүр-түндүр дем алышсыз, жайы-кышы элибиздин камын ойлоп иштейсиздер. Арышыңыздар ар дайым кенен болсун, элим-жерим деп жанган жүрөктөгү сезимиңиздер эч качан өчпөсүн. Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
 
Сиздерди терең урматтоо менен Артур Жусуев
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

2 + 0 =