«Ошэлектр» ишканасында майрамдык иш-чара болуп өттү.22.12.2020

«Ошэлектр» ишканасында майрамдык иш-чара болуп өттү
 
Иш-чарага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жана «Улуттук энергохолдинг» ААКнын төрагасынын орун басары Айталиев Тилек Анаркулович келип, эмгек жамаатты майрамы менен куттуктап, кызматкерлерге сыйлыктарын ыйгарышты. 
 
«Ошэлектр» ААКнын жетекчилиги энергетика жаатында ийгиликке жетишип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык баракчаларын жана төш белгилерин тапшырып, энергетика тармагынын өнүгүшүнө салымы чоң ардагерлерди акчалай сый акы менен сыйлады.
 
«Ошэлектр» ишканасынын башкы директору өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:
«Ардактуу кесиптештер! Сиздердин ар бир күн-түнүңүздөр электр энергиясын элибизге сапаттуу жеткирип берүүгө далалаттануу менен өтөт. Элибиз үчүн ак кызматыңыздарды аркалап, күжүрмөн эмгек менен иштеп жатасыздар. Буйруса сиздер менен дагы далай белестерди багындырып, энергетика тармагынын өсүшүнө өз салымыбызды кошо беребиз».
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

8 + 2 =