Ардагер энергетиктер.29.12.2020ж.

Бүгүн «Улуттук электр тармактар» ААКун Ош жогорку чыңалуу мекемесинде энергетика тармагында көп жыл иштеп эмгек сиңирген ардагерлерди эскерүү жана сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Энергетик ветерандары уюму уюштуруп, анын төрагасы Давыдов И.А. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын тарыхын жана өнүгүүсү жөнүндө кеңири токтолуп кетти. Белгиленген аземде Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын энергетика тармагында көп жыл эмгектенип кеткен ардагерлерди «ГОЭЛРО 100-жыл» ардак төш белги менен сыйланышты. Иш чарада «Ошэлектр» ААКун, «Жалалабадэлектро» ААКун, ОшЖЭБун жетекчиликтери катышышты.

 

0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

7 + 3 =