Абоненттерге кайрылуу - "Ошэлектр" ААКу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы №520 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө" токтомунун негизинде,  2020/2021-жылдардагы өткөөл күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү үчүн "Ошэлектр" ААКу сиздерди терең урматтоо менен маалымдайт. 
"Ошэлектр" ААКу электр энергияны этияттык менен пайдаланууну жана максималдуу жүктөө убакыттарында үйүңүздөрдөгү ашыкча электр шаймандарын таңкы саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана кечки саат 17:00дөн 21:00гө чейин өчүрүүнү сунуштайт.
 Себеби, үй жылытуу үчүн электр жылытуучу приборлорду көп пайдалангандын кесепетинен көмөкчү чордондорго күч келип, ашыкча жүк менен иштегенде кызып, иштен чыгып калган  учурлар катталууда.
Мындан сырткары, канчалык көп электр жабдыктарын колдонуп жатсак, үйдөгү электр эсептегичтин автоматы таштагандай эле, керектөөчүлөр электр энергияны нормадан көп колдонгондуктан подстанциялардагы автоматика дагы өзүнөн-өзү таштайт. Ошол себептен электр энергиясы кээ бир жерлерде үзгүлтүккө учуроодо. 
Жарыгы өчкөн абоненттерден кечирим сурап, жагдайды туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.  Тездик менен кайрадан жарыкты берүү үчүн 24 саат бою ыкчам оңдоо бригадасы өз иштерин жеринен аткарышууда.
Урматтуу  керектөөчүлөр! 
Электр энергия жана электр энергияны жеткирип келген тармактар – бул Кыргыз элинин байлыгы. Байлыгыбызды көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

5 + 1 =