7-июнь: Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагына багытталган жыйын болуп өттү

7-июнда Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагына багытталган жыйын болуп өттү
 
Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, энергетикалык компаниялардын жетекчилери, эл аралык каржы институттар, бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле энергетика боюнча көз карандысыз эксперттер катышты.
 
Аталган жыйынга «Ошэлектр» ААКунун башкы директору Жумаев Медетбек Эргешович жана Ош, Баткен облустарынан эксперттер катышып, адистер энергетика тармагындагы бүгүнкү көйгөйлөрдү жана бул тармакта өнүктүрүүнүн мындан аркы пландарын талкуулашты.
 
Энергетикага эмгеги сиңген ардагер энергетиктер жана көз карандысыз эксперттер «энергосистемага тез арада реформа жасоо керектигин белгилеп, кыйроого учуратпай сактап калуу мезгил талабы», деген ойлорун билдиришти.
0 сын пикир

Пикир калтырыңыз

7 + 0 =